Тажикстанды уул-кыз, күйөө балдары менен башкарган Рахмон. Чексиз бийлик

4 мая 2021 Тажикстанды уул-кыз, күйөө балдары менен башкарган Рахмон. Чексиз бийлик

27 жылдан бери Тажикстанды башкарып келе жаткан Эмомали Рахмон уул-кыздарын артынан ээрчитип, мамлекеттик чоң кызматтарга дайындаган президенттердин бири.

Эмомали Рахмондун Тажикстанды башкарып келе жатканына чейрек кылымдан ашты. Азыр аны өз эли бир гана президент дебестен, "тынчтыкты орнотуучу жана улуттук биримдиктин лидери" деп аташат.

Рахмон биздин чөлкөмдө гана эмес, дүйнө жүзү боюнча дагы көп балалуу президенттердин бири. Жубайы Азизмо Асадуллаева менен эки уул, жети кызды тарбиялаган. Ичинен экөө кызмат жагынан баш айланткан ийгиликке жетишкен.

Президенттик аппаратты жетектеген кызы

Рахмондун бир уулу менен бир кызы өлкөдөгү жогорку саясий кызматтарды аркалайт. 43 жаштагы кызы Озода президенттик аппараттын жетекчиси. Мурда Тажикстандын АКШдагы элчилигинде иштеген. Андан соң ТИМдин консулдук бөлүмүн жетектеп, 2009-жылы тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалган. Жолдошу Жамолиддин Нуралиев Тажикстандын Улуттук банкынын жетекчисинин биринчи орун басары. Ошондой эле Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунда Тажикстандын расмий өкүлү экени айтылат. Жубайлардын беш баласы бар.

Парламентти башкарган уулу

Улуу баласы Рустам Эмомали 33 жашта, учурда ал Тажикстан парламентинин жогорку палатасынын төрагасы.

Ал мамлекеттик кызматка 2006-жылы кадам таштаган. Бир катар ведомстволордо иштеп, 2013-жылы мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси болгон. Эки жылдан кийин Финансылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттигине башчы болуп дайындалган. 27 жашында Душанбе шаарынын мэри болуп шайланган. Атасынын колунан II даражадагы "Алтын таажы" төш белгиси менен сыйланган. Үч баланын атасы.

Мындан тышкары, Рустам Эмомали өлкөнүн Футбол федерациясынын президенти кызматын аркалайт.

Үчүнчү кызы жана кайнатанын колунан сыйлык алган күйөө бала

ЖМКлардагы маалыматтар боюнча президенттин үчүнчү кызы Рухшона Рахмон Тажикстан ТИМинин бир башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болгон. Анын жолдошу — Шамсулло Сохибов Тажикстандын Кышкы спорт түрлөрү боюнча улуттук ассоциациянын президенти, ишкер.

2019-жылы кайнатасынын колунан II даражадагы "Шараф" медалын (Даңк медалы) алган.

Башка кыздары жана күйөө балдары

Тун кызы Фируза тажик темир жолунун мурдагы жетекчисине келин болгон. Болгону Хокумовдун уулу боюнча маалымат жокко эсе, ысымы, кесиби боюнча эч бир жерде айтылбайт.

Бешинчи кызы Парвина мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Шерали Гуловдун уулу Ашрафка турмушка чыккан. Ал Улуттук банк, кийин ИИМ тутумунда иштеп, андан соң Москвадагы тажик элчилигинин консулдук кызматынын башчылыгына дайындалган.

Алтынчы кызы Зарина 16 жашында Тажикстандын биринчи каналында диктор болгон. Кийин "Ориенбанк" ААКнын башкаруу тобунун төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Бир нече жыл илгери ал Байланыш кызматынын башчысы Бег Зухуров-Сиевуштун уулуна турмушка чыккан.

Башка эки кызы жана уулу тууралуу ачык булактарда так маалыматтар жокко эсе.

Небереси асыл тукум жылкыларга ээлик кылат

Рустам Эмомалинин баласы Анушервони (айрым маалымат булактарында Анушервон деп жазылган) бир топ ат чабыштарда жеңип жүргөн асыл тукум күлүктөрдүн ээси. Белгилей кетсек, ал эрезеге жете элек (ата-энеси 2009-жылы баш кошкон). Ошондой эле футболду жакшы ойной турганы айтылат. Атургай эки жыл мурда ал тууралуу президенттин расмий сайтында да жазылган. Анда Рахмон Согди облусунда футбол боюнча өспүрүмдөр арасындагы президенттик кубоктун ачылышына катышып, небереси ошол жерде ойногон. Макалада Анушервони бир оюнда атаандаштын дарбазасына "өзгөчө чеберчилик менен гол киргизген таланттуу футболчу" деп жазылган.


sputnik