Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев кызматтан кетип, ордуна башка келди

6 мая 2021 Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев кызматтан кетип, ордуна башка келди

Болотбек Купешев билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Аталган министрликти буга чейин Алмазбек Бейшеналиев жетектеп келген. 

Эске сала кетсек, 11-апрелдеги референдумда кабыл алынган жаңы Конституция боюнча кыргыз өкмөтү министрлер кабинети болуп өзгөрүп, президент Садыр Жапаров курамын бекитип жатат.



sputnik