Баткендеги өрттөлгөн үйлөргө "ОМП" деп ким жазып кеткен? Баткен ИИБинин жообу

4 мая 2021 Баткендеги өрттөлгөн үйлөргө "ОМП" деп ким жазып кеткен? Баткен ИИБинин жообу

Баткен облустук милициясынан кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан кийин Тажикстан тарап өрттөп кеткен үйлөрдөгү "ОМП" деген жазуу эмне деген маанини түшүндүрөрүн айтып беришти.

Социалдык тармактарда өрттөнгөн имараттардагы, үйлөрдөгү жазууну тажикстандык аскер кызматкерлери калтырып кеткен деген жана дагы башка пикирлер айтылып жаткан.

Облустук милиция ОМП — "осмотр места происшествия", кыргызчасы окуя болгон жер текшерип, кароого алынды деген сөздүн аббревиатурасы экендигин билдиришти.

Аны кыргызстандык тергөөчүлөр аталган аймакты карап чыккандан кийин, башка кесиптештери кабардар болушу үчүн жазып жүрүп отурганы маалым болду.


sputnik