Октон каза болгон 13 жаштагы Мадинанын атасы: аялым акылынан айнып кала жаздады

5 мая 2021 Октон каза болгон 13 жаштагы Мадинанын атасы: аялым акылынан айнып кала жаздады

Чоңойсом дарыгер болом деген 13 жаштагы Мадинанын тилеги эми эч качан ишке ашпайт. Он гүлүнүн бири ачыла элек секелек Баткенде тажик аскерлеринин огунан көз жумду.

Каргашалуу окуя 29-апрель күнү Лейлек районунун Интернационал айылында болду.

Сөөгү жерге берилген Мадинанын 3-май күнү тажиясы өткөрүлүп, атасы Наимжан Абдулловдун, 87 жаштагы чоң атасы Рахматжан жана башка жакындарынын сай-сөөгү сыздап турган кези.

 

Тажик аскерлери Интернационал айылына ок жаадырып жаткан маалда Мадина апасы Наргүл, сиңдиси Нурдиана менен эле. Алар коопсуз жай издеп, көчөдө качып бараткан.

Жүк ташуучу унаа айдап иштеген Наимжан Абдуллов окуя болгон учурда жумушунда болгондугун айтып берди.

"29-апрель күнү кечке маал аялым телефон чалып, айылга ок жаап жаткандыгын айтты. Бир кезде телефондон үнү угулбай калды. Ал учурда мен Бешкент тарапта жүргөм. Дароо айылды көздөй жөнөдүм. Бирок Бешкент менен биз жашаган Интернационал айылынын ортосуна блокпост коюлган экен. Ал жерден аскерлер куралдуу кагылышуу башталганын айтып, өткөрбөй коюшту", — деди Абдуллов.

Анын айтымында, жубайы Наргүл сыртка чыкса асманды капкара түтүн каптай баштагандыктан коркуп, кошуналарын чакырса эч ким келген эмес. Катуу корккондуктан кулагы да укпай калыптыр. Эки кызын кийинтип, үйдөн чыга качып жөнөгөндө миномет жарылып, улуу кызы Мадина жерге кулаган.

Ок эне-бала турган тарапты көздөй атылгандыктан ал кичүү кызын көтөрүп, бирок Мадина жаткан тарапка өтө алган эмес.

Октон жаракат алган эне менен эки кызды окуя болор замат Исфана шаарындагы ооруканага алып баратканда Мадина жолдо каза болгон. Маркум кыздын телефонунан белгисиз жаран атасына чалып, кызы Исфана шаарындагы ооруканада экендигин, телефону аны жеткирген унаада түшүп калгандыгын билдирген.

"Блокпосттон өтө албай, түнү менен тоону, сайды аралап, ууру жолдор аркылуу араң өтүп ооруканага бардым. Кызымдын сөөгү эчак эле моргдо, аялым менен кичүү кызым реанимацияда экен. Эртеси дарыгерлер операция менен аялымдын денесинен октун эки чачырандысын алып, калганын ала албайбыз дешти", — деди ызага муунган ата.

Каргашалуу окуянын эртеси, 30-апрель күнү, ооруканадагы эне менен кызды дарыгерлер учак менен Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборуна жөнөткөн.

Наимжан Абдуллов маркум кызынын сөөгүн моргдон алып келип, Лейлек районунун Бешкент айыл өкмөтүндөгү Эски-Оочу айылында жерге берген.

"Интернационал айылы Тажикстандын Гафуров районунун Оочу-Калача айылы менен чектешкен. Биздин айыл менен Тажикстанды болгону бир гана канал бөлүп турат. Айылдаштарыбыз кооптонуп, үй-жайын таштап чыгып кеткендиктен Мадинанын сөөгүн атамдын үйүнөн узатууга туура келди. Себеби айылда киши жок. Сөөктү кантип жалгыз жерге берем. Сырттан да тууган-туушкандарым ал айылга келе албайт болчу", — деди көзүнө жаш ала.

Ал ок аялынын денесинин арка жагына тийгенин, октон эти кызыл жаян болуп, шылынып жатканына күбө болгонун айтат. Бутунун эки жеринде да жарааты бар, жакшы баса албай жатыптыр. Себеби ок бутунун булчуң эттеринин арасында калып калган.

Кызынан айрылып, кайгыга чөмүлүп турган ата Мадинанын өлүмүн жубайына эки күнгө чейин айта албай койгон.

"Дарыгерлер уруксат бербей, айта албай жүрдүм. Кайгыны жалгыз көтөрө албасымды билип, аялыма наркоз тарай баштаганда айтсам, алгач дарыгерлерге кыйкырды. Анан эс-акылын жоготкон кишидей "ыйлайынбы?" деп мага суроолуу карады. Анын абалын көрүп мен өзүмдү жоготуп кое жаздадым", — деди ал.

Мадина атасынын үч уулдан кийинки улуу кызы эле.

Атасынын айтымында, 13 жаштагы Мадина мыкты окучу. Болочокто дарыгер болом деген тилегине жетпей калды.

Чырактай кызынан ажыраган эне 51 жаштагы Наргүл Хамдамованын куймулчагында калып калган октун чачырандысын алуу үчүн бүгүн, 4-май күнү, операция жасалары күтүлүүдө.


sputnik