4 мая 2021
Диетолог Зухра Павлованын вегетариандарга рацион түзүү боюнча берген кеңешин РИА Новости жарыялады.
Дарыгердин айтымында, эттен баш тарткан соң организмдеги темирдин, В9 (фолий кислотасы) жана В12 витаминдеринин жетишсиздигин толуктоо керек.
Мындан улам Павлова этсиз тамактануу тандап алган адам өсүмдүк жана жаныбар белогуна бай азык-түлүктөрдү — быштакты жана башка сүт азыктарын, жумуртка, балыкты көп жеши керектигин айткан. Булар безеткини алдын алуучу азыктар экендиги белгиленди.
Диетолог безетки пайда болору менен эндокринологго кайрылуу зарылдыгын, алар организмде темирдин жетишсиздиги жана стероид гормондорунун бузулушунан кабар берерин эскертти.