Кыргызстанда 10-май иш күнү деп жарыяланды

6 мая 2021 Кыргызстанда 10-май иш күнү деп жарыяланды

Кыргызстандыктар 10-май күнү иштейт, себеби август айында төрт күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин 9-май жекшембиге туш келгендиктен 10-майда эс алуу болору айтылган эле.

Билдирмеге ылайык, мыйзамда майрам дем алышка туш келсе, анын эртеси эс алуу күнү деп жарыяланат. Бирок бул ирет күндөрдү сарамжалдуу пайдалануу үчүн кыргызстандыктар 10-майдын эсебинен 30-августта эс алышат.

Ошондо август айында жарандар төрт күн катары менен эс алат. Тагыраагы, 27-28-август дем алыш күн, 30-август 10-майдын эсебинен эс алуу, ал эми 31-август КРдин Эгемендик күнү белгиленмекчи.


sputnik