Абдикарим Алимбаев Баткен облусунун башчысы болуп дайындалды

5 мая 2021 Абдикарим Алимбаев Баткен облусунун башчысы болуп дайындалды

Абдикарим Алимбаев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Эске салсак, Баткенди буга чейин башкарган Өмүрбек Суваналиев кызматтан кеткенин кечээ билдирген.

Алимбаев буга чейин Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болчу.


sputnik