Садыр Жапаров эртең жаңы Конституцияга кол коет

4 мая 2021 Садыр Жапаров эртең жаңы Конституцияга кол коет

Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров эртең, 5-май күнү, жаңы Конституцияга кол коет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 11-апрель күнү жалпы элдик референдум өтүп, жаңы Баш мыйзам кабыл алынган.

"Иш-чарага мамлекеттик бийликтин бардык бутактары катышат. Эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калып жатканына байланыштуу чакырылган коноктор ПЦР-анализ тапшырышты", — деп айтылат маалыматта.

Иш-чара эртең менен саат 10:00дө башталып, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын, өлкөнүн республикалык жана аймактык телеканалдарынын түз эфиринде көрсөтүлөт.


sputnik