Өмүрбек Суваналиев кызматын тапшырганын айтты

5 мая 2021 Өмүрбек Суваналиев кызматын тапшырганын айтты

Баткен облусунун жетекчиси Өмүрбек Суваналиев кызматтан кеткени тууралуу маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына тастыктады.

Ал мындай чечим башка кызматка кетип жаткандыгына байланыштуу кабыл алынганын билдирди.

Бирок эмне кызматка кеткенин так айткан жок.

Аткаминер бул кызматка 2021-жылдын февраль айында келген.

Суваналиев буга чейин Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматын аркалаган. Жээнбеков кызматтан кетер алдында жумуштан алынган болчу. 

Аталган облусту Суваналиевге чейин Жаныбек Жалалов башкарган.

sputnik