Бир ирмемде беш кыз, төрт уулдуу болуп... 25 жаштагы африкалык келин 9 эм төрөдү

6 мая 2021 Бир ирмемде беш кыз, төрт уулдуу болуп... 25 жаштагы африкалык келин 9 эм төрөдү

Батыш африкалык Мали мамлекетинде 25 жаштагы Халима Сиссе тогуз эмди жарыкка алып келгенин өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине таянуу менен РИА Новости жазды.

Маалыматта операция менен төрөлгөн беш кыз менен төрт уулдун да, эненин да ден соолугу жакшы экени айтылат. Сиссе эки жума ооруканада жаткан соң өлкөнүн президенти Ба Ндаунун буйругу менен марттын аягында Марокконун клиникасына которулган.

Тогуз эмдин төрөлгөнүн саламаттык сактоо министри сүйүнчүлөгөн.

Буга чейин УЗИ Сессинин жети эм төрөөрүн көрсөткөн.

Бир күндө тогуз балалуу болгон эне бир нече жумадан кийин үйүнө кайта турганы айтылды.


sputnik