Чек ара жаңжалынан Тажикстан кандай чыгымга учураганы айтылды

4 мая 2021 Чек ара жаңжалынан Тажикстан кандай чыгымга учураганы айтылды

Тажикстандын өзгөчө кырдаалдар боюнча комитети чек арадагы куралдуу жаңжалдан кийинки чыгымдын алдын ала эсебин чыгарды. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан жазды.

Андагы маалыматка караганда, 14 үй талкаланып, эки эл жашаган имарат менен бир курулуш жабыркаган.

Мындан сырткары, жалпы орто билим берүү мекемесинин имараты менен Бободжон-Гафуров районундагы Овчикалъача айылынын аймагындагы турак үй бир аз жабыркаганы айтылды.

"Жалпы жонунан 15 миңге жакын адам коопсуз жайга көчүрүлгөн. Учурда алардын бардыгы үйлөрүнө кайтарылды", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Кыргызстандын ӨКМи кыргыз айылдарында эмнелер талкаланганы боюнча алдын ала маалымат берген болчу. Тизмеси:

Баткен облусу боюнча:

  • 107 турак үй;
  • Эки мектеп;
  • Бир ФАП;
  • Бир бала бакча;
  • 10 май куюучу жай (АЗС);
  • Сегиз дүкөн;
  • Төрт соода түйүнү;
  • Төрт социалдык объект;
  • Беш башка мамлекеттик имараттар.

Баткен району боюнча:

  • 32 турак үй;
  • Эки мектеп;
  • Бир бала бакча;
  • Бир ФАП;
  • Үч башка мамлекеттик имараттар.

Лейлек району боюнча:

  • 75 турак үй;
  • 10 май куюучу жай (АЗС);
  • Сегиз дүкөн;
  • Төрт соода түйүнү;
  • Төрт социалдык объект;
  • Эки башка мамлекеттик имараттар.


sputnik