6 мая 2021
Өлкө башчы Садыр Жапаров "Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Кол коюлган жарлыкка ылайык, министрликтин башчылары кызматтан бошотулуп, кайра дайындалды:
- Таалайбек Өмүралиев, коргоо министри;
- Руслан Казакбаев, тышкы иштер министри;
- Асел Чынбаева, юстиция министри;
- Алымкадыр Бейшеналиев, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри;
- Болотбек Купешев, билим берүү жана илим министри;
- Кайрат Иманалиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
- Бообек Ажикеев, өзгөчө кырдаалдар министри;
- Улан Ниязбеков, ички иштер министри;
- Гүлмира Абдралиева, транспорт жана коммуникациялар министри;
- Кубанычбек Турдубаев, энергетика жана өнөр жай министри;
- Аскарбек Жаныбеков, айыл, токой жана суу чарба министри;
- Алмамбет Шыкмаматов, инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо министри;
- Динара Кутманова, экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы;
Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы. Түзүмү жаңыланган министрлер кабинетинин төрагасы болуп Улукбек Марипов дайындалган. Орун басарлары Артём Новиков, Улукбек Кармышаков, Жылдыз Бакашова жана Азамат Дыйканбаев болду.