Баткенге өзгөчө макам берүү: кандай артыкчылык каралган

4 мая 2021 Баткенге өзгөчө макам берүү: кандай артыкчылык каралган

Баткен облусуна өзгөчө статус берүү тууралуу мыйзамга коомчулуктун пикирин эске алуу менен өзгөртүүлөр киргизилип, кечээ, 3-майда, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирип, документте кандай маселелер каралганын тизмектеп берди.

Эске салсак, мыйзам долбоору президенттин тапшырмасы менен Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн натыйжалуу шарттарды түзүү зарылдыгынан улам иштелип чыккан. 2021-жылдын 2-апрелинде өкмөттүн расмий сайтына коомдук талкуу үчүн жайгаштырылган.

"Коомчулуктан түшкөн сын-пикирлерди эске алуу менен документ толукталып иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна кезексиз киргизилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Долбоордо төмөнкүлөрдү каралат:

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн укуктарын күчтөндүрүү. Анын ичинде өзгөчө функционалдык-административдик, уюштуруу, бөлүштүрүү укугу. Ошондой эле мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн ишин, укук коргоо органдары менен күч түзүмдөрүнүн биргеликте иштөөсүн  координациялоо.

Төмөнкүлөрдү эске алуу менен аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү:

  • өнүктүрүү программасын мониторинг кылып, баалоо жана контроль жүргүзүүчү Координациялык кеңеш түзүү;
  • жеңилдетилген каржылоо механизми;
  • облусту өнүктүрүүнүн бюджетин уюштуруунун өзгөчө тартиби;
  • өкмөт тарабынан мамлекеттик кепилдиктерди караган өзгөчө салык режимин жана өзгөчө инвестициялык режимди киргизүү;
  • товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууну ишке ашыруунун өзгөчө режими;
  • Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө көрсөтүү боюнча өзгөчө жеңилдетилген режим;
  • 2022-жылдан тарта жалпы билим берүү уюмдарынын жана маданият обьектилеринин имараттарын кармап турууга коммуналдык тейлөө жана чыгымдарды жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке өткөрүп берүү.


sputnik