Тажикстандын Башкы прокуратурасы КР аскерлерине каршы иш козгоду

3 мая 2021 Тажикстандын Башкы прокуратурасы КР аскерлерине каршы иш козгоду

Тажикстандын Башкы прокуратурасы Кыргызстандын аскерлери менен жарандарына каршы кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн көзөмөл органы кабарлады.

Иш Кылмыш жаза кодексинин "Согуш баштоо же агрессивдүү согуш жүргүзүү" жана "эки же андан көп адамды өлтүрүү" беренелери боюнча 29-апрелде эле иш козгогон. Бирок бул тууралуу бүгүн гана белгилүү болуп жатат.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы чырдын чыгышына Кыргызстанды айыптап, "курал менен кол салышты" деп билдирген. Алар ошондой эле бир нече адам курман болуп, ондогон киши жаракат алганын, чек ара аймагындагы үйлөр өрттөлгөнүн белгилешти.


sputnik