Казак президенти Токаевдин Тажикстанга эмнеге барары айтылды

4 мая 2021 Казак президенти Токаевдин Тажикстанга эмнеге барары айтылды

19-20-майда Казакстан башчысы Касым-Жоомарт Токаев Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Душанбеге барат. Бул туурасында Токаевдин маалымат катчысы Берик Уали социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Сапар учурунда эки мамлекеттин башчылары (Рахмон жана Токаев — ред.)" тар жана кеңири чөйрөдө жолугушат. Күн тартибине саясий диалогду, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык өз ара кызматташууну арттырууга басым жасап, казак-тажик тараптын стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдөө маселелери киргизилген", — деп жазган Берик Уали.

Постто Борбор Азиядагы туруктуулук менен коопсуздукту камсыздоого, аймактык кооперацияны активдештирүүгө өзгөчө көңүл бурулары да айтылган.


sputnik