Парламентте Жапаров уу коргошундан кантип дары жасап жатканын текшерүү сунушталды

21 апреля 2021 Парламентте Жапаров уу коргошундан кантип дары жасап жатканын текшерүү сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президент уу коргошундан дарыны кандай шартта жасап жатканын текшерүүнү сунуштады.

Эл өкүлү төрагага кайрылып, бул боюнча депутаттык комиссия түзүп же тармактык комитетке тапшырма берүү керектигин айткан.

"Өткөн жумада дүйнөгө өтө шылдың болдук. Биз баа берип же текшеришибиз керек. Саламаттык сактоо министри коронавирус күчөп жаткан маалда уу коргошунду жарнамалап жатат. Президент менен каерде кайнатып отурганын текшерели. Резиденция мамлекеттик мекеме, өзү билемдик кылбашы керек. Депутаттык комиссияга илимпоздорду чакыралы, эгер туура деген тыянак берсе, тескерисинче, президентке медицина илимдеринин доктору наамын берели", — деди Бекешев.

Ошондой эле ал дарыгерлер министрликтин басымынан коркуп уу коргошундун кесепети тууралуу айта албай жүргөнүн белгиледи.


sputnik