Суусу тартылган Токтогул суу сактагычынын түбүнөн эмнелер чыкты. Сүрөт, видео

23 апреля 2021 Суусу тартылган Токтогул суу сактагычынын түбүнөн эмнелер чыкты. Сүрөт, видео

Кыргызстандагы Токтогул суу сактагычындагы суу өтө азайып кетти.

"Электр станциялары" ишканасынын маалыматына караганда, учурда суунун көлөмү 8,6 миллиард кубометрди түзөт. Агып кирген суунун орточо көлөмү секундасына 463 кубометрди, ал эми агып чыкканы 371 кубометрге жетүүдө.

ВИДЕО

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Токтогул суу сактагычында болуп, объектинин азыркы абалын сүрөткө тартып келди. Анын кургап калган бөлүктөрүндө мындан бир нече ондогон жыл мезгил мурун суу сактагыч курулганда суу алдында калган курулуштардын, тамдардын жерпайы, калдыктары көрүнүп калган. Ал тургай оргуп чыгып жаткан булакты байкоо кыйын эмес.

Токтогул ГЭСин куруу үчүн 1974-жылдары 25 айылдагы 18 миң адамды көчүрүүгө туура келген. Ошондой эле кирпич заводу менен аэропорт суу алдында калган. Ал кезде 10 миңге чукул мүрзөдөгү сөөктү кайра көмүшкөнү менен алардын бир бөлүгүн таштоого аргасыз болушкан. Жакында эле Токтогул суу сактагычынын жээгине чыгып калган сөөктөр чогултулуп, жалпы 22 мүшөк менен Кара-Тектир айылындагы мүрзөгө көмүлгөнү айтылган болчу.

Эске салсак, суу сактагычтагы эң көп көлөм — 19,5 миллиард куб метр, минималдык деңгээл 5,5 миллиардды түзөт.

Токтогул ГЭСи — өлкөнүн ири станциясы жана энергетикалык кыркасы, Кыргызстандын энергетикалык кубаттуулугунун үчтөн бир бөлүгү. Жылытуу мезгилин өткөрүү көбүнесе ушундай эле аталыштагы суу сактагычтагы көлөмгө байланыштуу.

Жакында эле президент Садыр Жапаров электр кубатынын баасын карап чыгууну сунуштады.

Ал төмөнкүчө:

  • аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн төлөмдү 74 тыйынга чейин төмөндөтүп, турмушу начар болгон үй-бүлөлөр үчүн чекти алып салуу;
  • жашоо-шарты оор алыскы жана тоолуу аймактардын жашоочуларына электр энергиясын 1 сом 04 тыйындан сатуу;
  • жашоо-шарты жакшы үй-бүлөлөргө чектөөлөрдү алып салуу менен 1 сом 48 тыйындан сатуу;
  • суунун тартыштыгына байланыштуу колунда бар үй-бүлөлөргө кышкы мезгилде электр энергиясын пайдалануу 1000 кВт сааттан ашса, 2 сом 29 тыйындан эсептөө.

Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев лимит жана 1000 киловатт-сааттан ашкандан кийин төлөй турган электр кубатынын жогорку баасы колдонууну көбөйтүп жибербей кармап туруу үчүн сунушталганын айтты.


sputnik