Алайда 6 киши менен бараткан унаа оодарылып, айдоочу мүрт кетти. Сүрөт

23 апреля 2021 Алайда 6 киши менен бараткан унаа оодарылып, айдоочу мүрт кетти. Сүрөт

Алай районунда Honda Stepwagon үлгүсүндөгү автоунаа кырсыкка учурап, 36 жаштагы айдоочу окуя болгон жерде каза болгон. Маалыматты Ош облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлү Алтынбек Теңизбаев тастыктады.

Анын айтымында, кырсык 19-апрель күнү саат 17:00дөр чамасында Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там жолунун 62-чакырымында, тактап айтканда, Алай районунун Гүлчө айыл аймагындагы Чыйырчык ашуусунда болгон.

Алай районунун 36 жаштагы тургуну Honda Stepwagon үлгүсүндөгү унаасы менен батыштан чыгышты карай бара жатып рулду башкара албай, жолдун четиндеги тосмону сүзүп, машина оодарылып кеткен.

Анын кесепетинен автоунаанын ичинде жүргүнчү катары бара жаткан Алай районунун 24, 25, 41, 54, 61 жаштагы жашоочулары жана Ош шаарынын 37 жаштагы тургуну ар кандай жарааттарды алып, райондук ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочу Ш.Д. алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Кырсык боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.


sputnik