Ростов-на-Дону шаарынан Ошко авиакаттам ачылып, биринчи жүргүнчүлөр келди. Сүрөт

21 апреля 2021 Ростов-на-Дону шаарынан Ошко авиакаттам ачылып, биринчи жүргүнчүлөр келди. Сүрөт

Ростов-на-Дону — Ош — Ростов-на-Дону каттамы ачылганын "Манас" эл аралык аба майданы кабарлады.

Ага ылайык, Оштун аэропорту аталган каттам боюнча келген жаңы чартердик рейсти тосуп алды. "Азимут" авиакомпаниясы менен шаарга 60 жүргүнчү келди.

Ал эми Ростов-на-Донуга кайра 83 киши учуп кеткен. Каттам жумасына бир жолу, бейшемби күнү аткарылып турат.

"Манас" эл аралык аба майданы билеттин баасын авиакомпания гана тууралап сата турганын эскертти.


sputnik