21 апреля 2021
Өткөн суткада Кыргызстанда 306 кишиден коронавирус табылып, 161 бейтап оорудан сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Жуктургандар:
- Бишкек шаары – 203;
- Ош шаары – 5;
- Чүй облусу – 52;
- Ош облусу – 11;
- Талас облусу – 1;
- Нарын облусу – 4;
- Ысык-Көл облусу – 16;
- Жалал-Абад облусу – 10;
- Баткен облусу – 4.
Айыккандар:
- Бишкек шаары – 97;
- Ош шаары – 3;
- Чүй облусу – 44;
- Ош облусу – 2;
- Талас облусу – 2;
- Нарын облусу – 1;
- Ысык-Көл облусу – 12.
Ушуну менен коронавирус аныкталгандардын саны 92 626га жетти. Ал эми оорудан айыккандардын саны 87 390 болду.
Тилекке каршы, кечээтен бери коронавирус Бишкектен эки, Чүй облусунан эки кишинин өмүрүн алды. Көз жумгандардын жалпы саны 1 561ге жетти.
Акыркы сутка ичинде 5 606 ПЦР-изилдөө жүргүзүлгөн.