Саламаттык сактоо министрине кылмыш иши козголобу? Башкы прокурордун жообу

22 апреля 2021 Саламаттык сактоо министрине кылмыш иши козголобу? Башкы прокурордун жообу

Башкы прокурор Курманкул Зулушев парламентте отчет берип жатып уу коргошун чуусу боюнча өз пикирин билдирди.

Депутат Эмил Токтошев "Далилденбеген дарыны бейтаптарга берип жатканы үчүн саламаттык сактоо министрине кылмыш иши козголобу?" деп сурады.

"Бул министрликти текшерүү, сурамжылоо иштерин баштадык. Бизге бир адамдан онлайн-арыз түшкөн, аны ИИМге жибердик. Алар тиешелүү жыйынтык чыгарат. Биз кылмыш ишин козгоо үчүн кайрылууну эле эмес, кесепетин да карашыбыз керек. Эгер зыяны жок болуп пайда алып келип атса, өзүнчө баа берүү зарыл. Биздеги маалымат боюнча, 400 жаран өзүнүн макулдугу менен колдонуптур. Эч кимде оорунун белгилери же уулануу катталган эмес. Бул боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат. Кесепетине карап сөзсүз түрдө укуктук баа берилет", — деди Зулушев.


sputnik