Түштүк аймакта сел жүрөт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

20 апреля 2021 Түштүк аймакта сел жүрөт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Жакынкы күндөрү жаан-чачын нөшөрлөп жаап, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Ага ылайык, 20-апрелден 24-апрелге чейин аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт.

Кар көчкү түшүшү ыктымал деген аймактар:

  • Бишкек — Ош унаа жолунун 132-137-чакырымы (Төө-Ашуу ашуусу);
  • Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы;
  • Ала-Бука — Жаңы-Базар — Киров унаа жолунун 71-75-чакырымы (Чапчыма ашуусу);
  • Кара-Кысмак капчыгайы, Кара-Буура ашуусу;
  • Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу автоунаа жолунун 74-76, 86-880-чакырымы;
  • Бишкек — Нарын — Торугарт автоунаа жолунун 295-300-чакырымы (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы);
  • Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там автоунаа жолунун 161-179-чакырымы (Талдык ашуусу);
  • Каракол — Эңилчек унаа жолунун 76-90-чакырымы (Чоң-Ашуу ашуусу).

Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл экени эскертилди.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда мал кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Ошондой эле үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жер-жемиштерге, жерге отургузулган жашылчаларга коркунуч келтирери айтылды.


sputnik