Коронавирустун болжолдонуп жаткан үчүнчү толкунунда жеке лаборатория менен медициналык борборлордо ПЦР-тест, компьютердик томография жана санариптүү R-графия арзандайт. Бул тууралуу өкмөт кабарлады.
12 апреля 2021Кыргызстанда электрондук мектеп ачуу аракети көрүлүп жатат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 2021-2023-жылдарга карата министрликтин программасы менен тааныштырып жатып айтты.
12 апреля 2021Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) эртең, 13-апрелде, таңга жуук орозо башталып, ооз бекитиле турганын эске салды.
12 апреля 2021Негизи эле бул партия ишкерлер Салымбековдордун үй-бүлөсүнө таандык. Аскар Салымбековдун бир тууганы маркум Шаршенбай Мааткабыловдун 37 жаштагы уулу Руслан да депутат болду. Ал A.S. Dordoi компаниясынын башкы директору.
12 апреля 202128 мамлекетте жашап жана иштеп жүргөн кыргызстандыктар 11-апрелдеги референдумда 48 шайлоо участкасынан добуш беришти. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди.
12 апреля 2021Перс булуңуна кирген өлкөлөрдө айдын жаңырышы туура эмес эсептелип калгандыктан, орозо жылдырылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
12 апреля 2021Сокулукта Lexus үлгүсүндөгү кроссовер жолдо токтоп турган Daewoo Labo кичи жүк ташуучу унаасын коюп кетти. Күбөлөр окуядан бир адам каза болгонун айтышууда.
12 апреля 2021Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылды. Бул туурасында Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы билдирди.
12 апреля 2021Автоматтык саноочу урнадагы бюллетендер тогулу менен эсептелип бүтүп, Бишкек шаардык кеңешинин курамында алдын ала жыйынтыкка салыштырмалуу бир аз өзгөрүүлөр болду. Маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланды.
12 апреля 2021Ордо калаада кызга бычак урду деген шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
12 апреля 2021Ага ылайык, кылмышка шектүүлөр Бишкектеги биринчи тергөө абагына эки айга 7-июнга чейин камакка алды.
12 апреля 2021Ысык-Ата районунда аял жолдошун өлтүрүүгө шектелип жатат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.
12 апреля 2021"Бүгүн шайлоо күнү. Бул күнү үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынган. Ар бир жаран кимге добуш бергенин купуя сыр катары сактоого укуктуу. Негизгиси — бүгүнкү жарандык милдетимди аткардым", — деди Жээнбеков.
12 апреля 2021Бишкекте 33 жаштагы Гүлназ Мурсакматова изделип жатканын шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.
12 апреля 2021Автоматтык түрдө эсептеген урнанын алдын ала маалыматына ылайык, мандаттар алты партияга бөлүштүрүлөт.
12 апреля 2021Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбандары Жоламан Шаршенбеков, Үзүр Жусупбеков жана Акжол Махмудов Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
9 апреля 202123-мартта Тараздын 45 жаштагы жашоочусу 17 жаштагы уулу жоголуп кеткенин айтып кайрылган. Анын айтымында, 23-мартка караган түнү өспүрүм үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Баланын жанында уюлдук телефону, темир өткөрүүдөн түшкөн бир аз акчасы бар болчу.
9 апреля 2021Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмү бул кылмыштуу көрүнүштү жок кылуу керектигин дагы бир жолу эскертти. Мындай билдирүүнү Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) таратып, каргашалуу окуя боюнча өз позициясын билдирди.
9 апреля 2021Алай районунун Гүлчө айылындагы турак үйдө өрт чыгып, 56 жаштагы киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
9 апреля 2021Бишкекте 10-11-апрель күндөрү айыл чарба азыктарынын кезектеги жарманкеси болот. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
9 апреля 2021Милицияга кызды таап берүүгө жардам сурап эжеси кайрылган. Анын айтымында, Альбина бүгүн, 8-апрелде, саат 8:00дөр чамасында 7-кичи райондо жашаган батиринен чыккан боюнча кайтып келген эмес.
9 апреля 2021Бишкектен уурдалып өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине шалаакылык боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
9 апреля 2021Анын билдиришинче, айрым милиция кызматкерлеринин шалаакы мамилеси жарандардын укук коргоо органдарынын ишине болгон ишенимине доо кетирүүдө.
9 апреля 2021Айзада Канатбекованы ала качууга катышкан деген шек менен дагы бир адам кармалды. Бул тууралуу ички иштер министри Уланбек Ниязбеков парламенттин жыйынында билдирди.
9 апреля 2021Депутат Дастан Бекешев министрди парламент кетирип же өзү арыз жазышы керектигин билдирди. Ошондой эле ал Ниязбековго кайрылып, качан отставкага кетерин сурады.
9 апреля 2021Бишкек шаардык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы анын мыйзамсыз байыганы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбей турганын айтты. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
9 апреля 2021Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова ички иштер министри Уланбек Ниязбековдон ала качууга дуушар болуп каза болгон Айзада Канатбекованы табууга "Коопсуз шаардын" камералары эмнеге колдонулбаганын сурады.
9 апреля 2021Киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын апасы Назгүл Шакенова кызын ала качкан күнү эле түшкө маал Бишкектин Биринчи май райондук милициясына арыз жазганын журналисттерге айтты. Ал милиция убагында кыймылдабай койгонуна нааразы болууда.
8 апреля 2021Айзада Канатбекованы ала качуууга жардам берген экинчи шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти. Маалыматка караганда, 32 жаштагы З.Р. Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
8 апреля 2021Бишкек шаардык милициясы Айзада Канатбекованы өлтүрүп, андан соң өз өмүрүнө кол салганы айтылып жаткан Замирбек Теңизбаев тууралуу маалымат берди.
8 апреля 2021Оштун Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүндө кайнатасын өлтүрүүгө шектүү киши кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
8 апреля 2021Ички иштер министри Уланбек Ниязбеков Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча парламентке келбей койду. Бүгүн эртең менен каргаша тууралуу маалымат угуу үчүн депутаттар министрди чакырган.
8 апреля 2021Балыкчы шаарында ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын сөөгү жерге берилди. Кыздын сөөгү таятасынын үйүнөн чыкканы айтылат. Кыз өзү Бишкекте иштеген.
8 апреля 2021Бишкек шаардык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы мыйзамсыз байыды деп шектелип жатат. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
8 апреля 2021