Сүйүнчү! Акжол, Жоламан, Үзүр Олимпиада оюндарына жолдомо алды

9 апреля 2021 Сүйүнчү! Акжол, Жоламан, Үзүр Олимпиада оюндарына жолдомо алды

Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбандары Жоламан Шаршенбеков, Үзүр Жусупбеков жана Акжол Махмудов Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.

Эске сала кетсек, бүгүн, 9-апрелде Казакстандын Алматы шаарында Токио Олимпиадасына жолдомо берген квалификациялык турнир өтүп жатат.

Буга чейин лицензияны алты спортчуда бар болчу. Алар — балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Атабек Азисбековдо, жөө күлүктөр Мария Коробицкая, Дарья Маслова жана Юлия Андреева, ошондой эле суучул Денис Петрашов эле.


sputnik