Бишкекте кызга бычак урду деген шектүү кармалды

12 апреля 2021 Бишкекте кызга бычак урду деген шектүү кармалды

Ордо калаада кызга бычак урду деген шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, жабыркаган кыздын арызы милицияга ишембиге караган түнү түшкөн. Азырынча анын жашы тактала элек. Кыздын айтымында, Сухэ-Батор көчөсүндө түнкү саат 12ден өтүп калганда белгисиз адам анын оң ийини менен билегине бычак урган. Шектүү окуя болгон жерден из жашырып кеткен, бирок анын бычагы табылган.

Аталган кылмышка шектүү делип 44 жаштагы Д.Ш. аттуу адам кармалган. Учурда ээнбаштык фактысы боюнча иш жүрүп жатканы кошумчаланды.


sputnik