Депутаттар ИИМ башчысынын келишин талап кылып, орун басарын чыгарып салышты

8 апреля 2021 Депутаттар ИИМ башчысынын келишин талап кылып, орун басарын чыгарып салышты

Ички иштер министри Уланбек Ниязбеков Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча парламентке келбей койду. Бүгүн эртең менен каргаша тууралуу маалымат угуу үчүн депутаттар министрди чакырган.

Бирок жыйынга анын орун басары Эркебек Аширходжаев келди. Парламентарийлер нааразы болуп, бул жерде бир кыздын эмес, жалпы аялдардын тагдыры тууралуу кеп болуп жатканын айтышты.

Депутат Айсулуу Мамашова ИИМ башчысы Ниязбеков жоопкерчиликтен качып элге да чыкпаганын, ошондой эле парламентке да келбегенин сынга алды.

Ал эми Аширходжаев министр учурда өкмөттөгү кеңешмеге катышып жаткандыктан келе албай калганын айтты. Натыйжада депутаттар орун басарын залдан чыгарып, министрдин өзүн кайра чакырышты.


sputnik