Айзаданын өлүмү: Биринчи май РИИБдин кызматкерлерине кылмыш иши козголду

9 апреля 2021 Айзаданын өлүмү: Биринчи май РИИБдин кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Бишкектен уурдалып өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине шалаакылык боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Кылмыш ишин Бишкек шаардык прокуратурасы козгогону, тергөө ишин жүргүзүү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгына тапшырылганы айтылат.


sputnik