9 апреля 2021
Алай районунун Гүлчө айылындагы турак үйдө өрт чыгып, 56 жаштагы киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, өрт 8-апрель күнү түшкө маал чыккан.
"Саат 13:33тө Гүлчө айылындагы борбордук базарынын артында жайгашкан үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. ӨКМ кызматкерлери кырсык болгон жерге 13:40та барып, саат 13:44тө тилсиз жоону чектөөгө алган", — деп айтылат билдирүүдө.
Кийин үйдүн ичинен эркек кишинин сөөгү табылып, куткаруучулар аны Алай райондук милициясына өткөрүп берген. Тилсиз жоо 103 чарчы метрге жайылган. Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда.