ТИМ: чет жактагы 58 миң шайлоочунун 3 миңи гана референдумга катышты

12 апреля 2021 ТИМ: чет жактагы 58 миң шайлоочунун 3 миңи гана референдумга катышты

28 мамлекетте жашап жана иштеп жүргөн кыргызстандыктар 11-апрелдеги референдумда 48 шайлоо участкасынан добуш беришти. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди.

ТИМде Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин аймагында референдумду даярдоо жана өткөрүү боюнча штаб түзүлгөн. Бардык чет өлкөлөрдөгү мекемелерде эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу санитардык коопсуздуктун талаптары сакталып, тийиштүү чаралар көрүлгөн.

Референдумга катышуучулардын акыркы тизмесине чет жактагы 58 598 шайлоочу киргизилген. Алардын саны мурдагыдан 9 117ге көбөйгөнү маалым болду.

Кыргызстандын дипөкүлчүлүктөрү бар өлкөнүн бийлиги менен кыргызстандыктардын добуш берүүчү жайларга чектөөсүз кирүүсү боюнча макулдашылган.

"Биринчи болуп Бишкек убактысы боюнча саат 03:00дө Түштүк-Сахалин шаарындагы элчиликтин аймагындагы шайлоо участогу ачылды. Акыркы болуп Вашингтондогу шайлоо участогу 12-апрелде саат 06.00дө (Бишкек убактысы) жабылды. Жалпысынан чет өлкөлөрдөгү мекендештерден 3 162 жаран добуш берди", — деп айтылат билдирүүдө.

Чет өлкөдөгү бардык шайлоо тилкелеринде добуш берүү процесси мыйзам бузуусуз, санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен өткөн.


sputnik