Чиновниктердин Бишкек менен Ошко депутат болчу балдары жана туугандары. Тизме

12 апреля 2021 Чиновниктердин Бишкек менен Ошко депутат болчу балдары жана туугандары. Тизме

Автоматтык саноо урналары добуштарды толугу менен эсептеп бүтүп, жыйынтыгында республикалык маанидеги Бишкек шаардык кеңешине алты, Ошто төрт партия өттү. Бул шайлоонун алдын ала жыйынтыгы деп эсептелет. Расмий жыйынтык кол менен эсептелгенден кийин чыгарын белгилей кетүү керек.

Мандатка жеткен талапкерлердин арасында шаардык кеңештин учурдагы депутаттары, ишкерлер жана чиновниктердин уул-кыздары, жакын туугандары бар.

Бишкек шаарында биринчи орунду камсыздаган "Эмгек" партиясы менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Роман Шиндин 46 жаштагы уулу Сергей Шин мандат алды. Ал буга чейин да шаардык кеңеште отурган, депутат болуп кайрадан шайланды десе туура болчудай.

Негизи эле бул партия ишкерлер Салымбековдордун үй-бүлөсүнө таандык. Аскар Салымбековдун бир тууганы маркум Шаршенбай Мааткабыловдун 37 жаштагы уулу Руслан да депутат болду. Ал A.S. Dordoi компаниясынын башкы директору.

Шайлоонун алдында жаңыдан түзүлүп чыккан Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясынын (НДПК) катарына учурдагы депутат Кубанычбек Конгантиев кошулуп, кайрадан креслосуна отурары күтүлүүдө. Ал мурунку башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу.

Буга чейин ишкерлик менен алектенген ЖК депутаты Эмил Токтошевдин жубайы Рысгүл Акимжанова да мандатка илешти.

"Ынтымак" партиясы дагы быйыл эле негизделип, биринчи ирет шайлоого катышты. Ошого карабай бешинчи орунду камсыздаган. Бул саясий уюмдун тизмеси менен ЖК депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин кызы Наргиза Жолдошбаева жана бир тууган иниси Таалайбек Сариев депутат болгону жатат. Экөө тең кайра шайланды, 2016-жылы "Өнүгүү — Прогресс" партиясынын желеги астында мандат алышкан.

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Закир Шараповдун 31 жаштагы кызы Жибек Шарапова шаардык кеңештен орун алары белгилүү болду.

Ош шаарында шайлоочулардын 48 пайыз добушун алган "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы менен ЖК депутаты Нурбек Алимбековдун бир тууганы иниси Нурзаман Алимбеков мандатка жетти. Ал буга чейин да Ош шаардык кеңешинде депутат болуп отурган.

Экинчи борбордо мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун карындашы Нуркыз Кадырбек кызы "Ыйман Нуру" партиясы менен депутат болду.


sputnik