Министр кызды табууга эмнеге "Коопсуз шаар" жардам бербегенин айтты. Видео

9 апреля 2021 Министр кызды табууга эмнеге "Коопсуз шаар" жардам бербегенин айтты. Видео

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова ички иштер министри Уланбек Ниязбековдон ала качууга дуушар болуп каза болгон Айзада Канатбекованы табууга "Коопсуз шаардын" камералары эмнеге колдонулбаганын сурады.

Эл өкүлү кызды эки суткага чейин таба албаган жагдайга эмне тоскоол болгонуна кызыкты.

"Коопсуз шаардын" алкагында 297 камера коюлган. Анын арты менен буга чейин бир нече кылмыштар ачылган. Бул сапар ыкчам кызматкерлер башка багыт менен иштеп кеткенине байланыштуу бир аз мүчүлүштүктөр кетип жатат. Биз мындан ары дагы жакшылап иштеп, камералар кызматкерлердин ишине жардам берет деп ойлойбуз. Кээ бир жерде техникалык мүмкүнчүлүк болот, кээде болбойт экен", — деди Ниязбеков.

Ошондой эле ал кылмышка катыштыгы бар делип эки шектүү кармалганын, үчүнчүсү да жакын арада кармаларын кошумчалады. Жыйында айрым депутаттар министрдин жоопкерчилигин сурап, кызматтан кетишин да талап кылууда. Өз кезегинде Ниязбеков жоопкерчиликтен качпай турганын билдирди.


sputnik