Айзаданы ала качууга катышкан экинчи шектүү кармалды. Сүрөт

8 апреля 2021 Айзаданы ала качууга катышкан экинчи шектүү кармалды. Сүрөт

Айзада Канатбекованы ала качуууга жардам берген экинчи шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти. Маалыматка караганда, 32 жаштагы З.Р. Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Издөө иш аракеттеринин алкагында 27 жаштагы К.А. деген дагы бир шектүүнүн жүргөн жери аныкталган. Учурда издөө иштери улантылып жатат.

Эске салсак, 5-апрель күнү эртең менен саат 7:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч бала 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Кыздын туугандары ошол эле күнү издеп башташкан. Биринчи май райондук милицияга саат 7:30да кабарлаган. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.

Ал эми 7-апрелде изделип жаткан автоунаа Чүйдөгү Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Ал тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген.


sputnik