Кыргызстанда электрондук мектеп ачылат. Анда кимдер окуй алат

12 апреля 2021 Кыргызстанда электрондук мектеп ачылат. Анда кимдер окуй алат

Кыргызстанда электрондук мектеп ачуу аракети көрүлүп жатат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 2021-2023-жылдарга карата министрликтин программасы менен тааныштырып жатып айтты.

"Кошумча жана мектептен тышкары билим берүү максатында электрондук мектеп ачылганы турат. Долбоорду Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашыруу үчүн сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө", — деди министр.

Электрондук мектеп алты багытты камтыйт:

  • пандемия сыяктуу аралыктан билим берүүнү талап кылган жагдай түзүлүп калса окуу процессин үзгүлтүккө учуратпай туруп, ушул мектеп аркылуу окута берүүгө болот;
  • чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарга кыргыз тили, кыргыз тарыхы боюнча сабак алууга шарт түзүлөт;
  • жыл ортосунда чет мамлекетке көчүп кетип жаткан мигранттардын балдары, чейректи же окуу жылын аягына чейин Кыргызстанда аралыктан окуп бүтсө болот;
  • жетишпеген мугалимдердин орду толтурулат. Кайсы бир сабак боюнча мугалим жок болсо, ал мектепке окутуучу табылганга чейин балдар башка мектептин мугалиминен онлайн-сабак ала берет;
  • саламаттыгына байланыштуу кыска убакытка сабакка келе албай калган балдар үйдө, ооруканада болгон учурда деле онлайн-форматта окуусун уланта берет;
  • алыскы райондордо жашап, ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар орто билими тууралуу аттестат алганга чейин онлайн-мектептен билим ала алат.

sputnik