Айзаданын апасы: ала качкан киши кызымды аңдып жүрчү экен

8 апреля 2021 Айзаданын апасы: ала качкан киши кызымды аңдып жүрчү экен

Киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын апасы Назгүл Шакенова кызын ала качкан күнү эле түшкө маал Бишкектин Биринчи май райондук милициясына арыз жазганын журналисттерге айтты. Ал милиция убагында кыймылдабай койгонуна нааразы болууда.

"Айзада саат алтылардан өтүп калганда сиңдиме телефон чалып, "Бактыгүл эже, мен келе жатам, тиги бала менен сүйлөштүм. Ош тарапка кетип бара жатканбыз, бирок кайра бурулуп Кара-Балта жакка жетип калдык. Бишкекке бет алдык, азыр барам" дептир. Тиги бала менен сүйлөштүр десе, ал сыртка чыгып кетти деп койду. Бирок бушайман болуп, кыйкырып сүйлөгөн экен. Ошол бойдон байланыш үзүлүп кетиптир", — деди апасы.

Шакенованын айтымында, кызы ал адам менен интернет аркылуу таанышкан, бирок кыз-жигиттик мамилеси болгон эмес.

"Ал бала колун сураганын, бирок кызым жок деп койгонун билем. Ал кишини жакындан тааныбасам, мага кереги жок деп айткан. Мага мунусун билдирген эмес, бирок акыркы айларда артынан аңдып, меники болбосоң апаңды бычак менен саям деп айтканын курбуларына айтыптыр. Негизи өзү окуусун жакшы бүтүп, түз жүргөн кыз болчу. Бир нече чет тилди билчү, жакында Түркияга барып иштеп келейин деп камынып жаткан", — деди апасы.


sputnik