Борбор калаада кезектеги азык-түлүк жарманкеси өтөт. Даректер

9 апреля 2021 Борбор калаада кезектеги азык-түлүк жарманкеси өтөт. Даректер

Бишкекте 10-11-апрель күндөрү айыл чарба азыктарынын кезектеги жарманкеси болот. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Жарманке эки жерде өтөт:

  • Биринчи май району — Раззаков көчөсүнүн Токтогул жана Киев көчөлөрүнүн чектешкен аймагында;
  • Свердлов району — Төрөкул Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде (Чыгыш-5 кичи району).

Жарманкедеги азык-түлүктүн баасы:

  • Уй эти — 390-405 сом;
  • Жылкы эти — 380-390 сом;
  • Кой эти — 400-405 сом;
  • Тоок эти — 200-210 сом;
  • "Царь" суу майы — 130-132 сом;
  • "Лучазерное" суу майы — 130-132 сом;
  • "Ласка" суу майы — 130 сом;
  • Фирма жумурткасы — 75-85 сом;
  • Үй жумурткасы — 90-95 сом;
  • Кайыңды шекери — 56 сом, 5 килограмм 280 сом;
  • Алма — 30-60 сом;
  • Сабиз — 10-15 сом;
  • Картошка — 28 сом;
  • Пияз — 14-16 сом;
  • Ун — 27-38 сом.

Министрликтен белгилешкендей, сүт азыктары, ун жана башка товарлар базар баасынан 10-15 пайызга арзан болот. Жарманкеге бир нече компания активдүү катышып жатканы белгиленди.


sputnik