Өкмөт башчы Улукбек Марипов никеге туруу үчүн кыздарды ала качкандарга кылмыш жазасын катаалдатуу тууралуу сунушту кыска убакытта киргизүүнү тапшырды. Бул тууралуу премьер-министр укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн кеңешмеде билдиргенин өкмөт кабарлады.
"Мен Жазык кодексиндеги бул беренени толугу менен кайрадан карап чыгуу зарыл деп эсептейм. Адам уурдоо тууралуу берене бар, ал үчүн эркинен ажыратуу каралган. Жакын арада аталган кылмыш түрү үчүн жазаны катаалдатуу максатында жогорудагы берененин ченемин кайра карап чыгуу зарыл", — деген Марипов.
Анын билдиришинче, айрым милиция кызматкерлеринин шалаакы мамилеси жарандардын укук коргоо органдарынын ишине болгон ишенимине доо кетирүүдө.
"Айзаданын өлүмү — бул чоң трагедия, ал көптөгөн социалдык көйгөйлөрдү ачыктады. Жарандар өзүн коопсуз сезүү керек. Бирок жаш кызды күндүз алып качып, өлтүрүүгө барып жатса кайдагы коопсуздукту сөз кылууга болот! Бул ачык кылмыш, анын салтка тиешеси жок. Мектеп программасына адам укугу, аялдар менен балдарга зомбулукка жол берилбей тургандыгы боюнча сабактарды киргизүү керек", — деген премьер.
Ошондой эле кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча укук коргоо органдарынын бардык кызматкерлери жазасын алышарын кошумчалаган.
Бишкектин көчөлөрүнүн биринде уурдалып, шаар четинен киши колдуу болгон 27 жаштагы Айзада Канатбекованын окуясы резонанс жаратты. Аны ала качкан киши өз өмүрүн кыйган. Ала качууга катышкан үч шектүү кармалды.