Кызматтан кетүүгө качан арыз жазасыз? Министр Ниязбековдун жообу видеодо

9 апреля 2021 Кызматтан кетүүгө качан арыз жазасыз? Министр Ниязбековдун жообу видеодо

Парламентте башкаларга сабак болушу үчүн ички иштер министри Уланбек Ниязбековду отставкага кетирүү маселеси көтөрүлдү.

Депутат Дастан Бекешев министрди парламент кетирип же өзү арыз жазышы керектигин билдирди. Ошондой эле ал Ниязбековго кайрылып, качан отставкага кетерин сурады.

"Биз териштирели кимдин кайсы жерде күнөөсү бар экенин ошого жараша чечим чыгарабыз. Ооба, моралдык жоопкерчиликти сезебиз, ар бир жарандын коопсуздугу үчүн жооптуубуз", — деп жооп берди ИИМ башчысы.


sputnik