Бишкек шаардык милициясы Айзада Канатбекованы өлтүрүп, андан соң өз өмүрүнө кол салганы айтылып жаткан Замирбек Теңизбаев тууралуу маалымат берди.
ШИИБдин билдирүүсүндө Теңизбаев Россияда үч жолу сот жообуна тартылганы айтылат.
Ал 1985-жылы 22-апрелде Ош облусунда төрөлгөн. 2008-жылдын март айында Россиянын Омск шаарында уурулук фактысы боюча үч абакта жаза өтөп чыккан.
2009-жылдын ноябрь айында Красноярск шаарында тоноо фактысы менен сот жообуна тартылып, эки жыл эркинен ажыратылган.
2012-жылдын июнь айында каракчылык фактысы боюнча Москва шаардык соту тарабынан 5,6 жылга эркинен ажыратылып, жазасын күчөтүлгөн режимдеги түзөтүү абагында өтөгөн.
2017-жылдын июль айында эркиндикке чыккандан кийин Россиядан депортацияланып Кыргызстанга кайтып келген.
2020-жылдын июль айынан бери Теңизбаевге Россиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган.
Бүгүн ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын начальниги Уланбек Айтбаев Айзаданын өлүмүнө себепкер деген Замирбек мурда соттолгону тууралуу маалымат такталып жатканын айткан.
Эске салсак, 5-апрель күнү эртең менен саат 7:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч бала 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Кыздын туугандары ошол эле күнү издеп башташкан. Биринчи май райондук милицияга саат 7:30да кабарлаган. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.
Ал эми 7-апрелде изделип жаткан автоунаа Чүйдөгү Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Ал тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген.
Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган. Кечинде кызды ала качууга катыштыгы бар делип бир шектүү кармалды.