12 апреля 2021
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылды. Бул туурасында Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы билдирди.
Мындай чечим бүгүн, 12-апрелде, Бишкек шаардык соту тарабынан кабыл алынган.
Эске салсак, Курсан Асанов 5-6-октябрь окуяларында Ички иштер министрлигин басып алууга айыпталып 26-январда кармалган. Ага Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-бөлүгү ("Имараттарды жана курулмаларды басып алуу") менен айып тагылган.