9 апреля 2021
Айзада Канатбекованы ала качууга катышкан деген шек менен дагы бир адам кармалды. Бул тууралуу ички иштер министри Уланбек Ниязбеков парламенттин жыйынында билдирди.
Ал депутаттардын суроосуна жооп берип жатып төртүнчү шектүү дагы (өз жанын кыйган Замирбек Теңизбаевди кошкондо) кармалганын айтты. Бул кылмыш иши президент жана премьер-министрдин көзөмөлүндө экенин кошумчалады.
Ал эми Бишкек шаардык милициясынын маалыматы боюнча, кылмышка шектүү деп борбор калаадан 26 жаштагы, Жалал-Абаддан 30 жаштагы киши кармалды (өз жанын кыйган Замирбек Теңизбаевди кошкондо беш).
Буга чейин кылмышка катышы бар делип 32 жана 29 жаштагы жарандар кармалган.