Эки окуучудан COVID-19 табылды. Ошто №20 мектеп карантинге жабылды

20 апреля 2021 Эки окуучудан COVID-19 табылды. Ошто №20 мектеп карантинге жабылды

Ош шаарындагы Исхак Раззаков атындагы №20 мектеп-гимназиясынын эки окуучусунан COVID-19 аныкталды. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган мектеп 19-апрелде эки жумалык карантинге жабылып, сабактар онлайн өтүлө баштайт.

Эске салсак, 13-апрелде калаанын "Олимп" жана "Жетиген" мектептеринде да эки окуучу илдетке кабылган. Алар бир туугандар болуп, коронавирус аларга энесинен жуккандыгы аныкталган.

Мындан улам алар менен байланышта болгондордон анализ алынып, мектептер онлайн режимге өткөн.


sputnik