Бишкекте 15 мектеп карантинге жабылды. Канча баладан COVID чыкты

22 апреля 2021 Бишкекте 15 мектеп карантинге жабылды. Канча баладан COVID чыкты

Борбор калаада 15 мектеп карантинге жабылып, дагы 14үндө 11-класстын окуучулары аралыктан окууга өттү. Бул туурасында Бишкектин Билим берүү башкармалыгынын билим берүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Акматова билдирди.

Эки жумалык карантин учурунда окуу аралыктан уланууда.

Акматованын айтымында, 21-апрелге карата 45 окуучудан коронавирус табылса, алардын бири пневмония менен ооруп калган. Мугалимдер арасынан COVID боюнча 24 учур катталса, алардын алтоо пневмонияга чалдыкканы айтылды.

Акматова 20-апрелден тарта мектеп окуучулары арасынан коронавирус жуктургандар 9га, ал эми мугалимдер бешке көбөйгөнүн маалымдады.

Башкармалыктын өкүлү 4-чейректен тарта 1, 2, 3, 4, 5, 9 жана 11-класстар мектептепке барып окуса, калгандары (6,7,8 жана 10-класстар) аралыктан билим алып жаткандыгын билдирди.

Алгоритм боюнча мектепке бара турган 1 607 окуучу ата-энелердин арызынан улам үйдөн окуп жатышат.


sputnik