Түркияда билим алып, аспирантура жана докторантураны аяктап жатып илимий иштерин кыргыз тилиндеги фразеологизмдерди иликтөөгө, которууга арнаган мекендешибиз Мирлан Нурматов учурда Америкада.
Ал АКШнын Чикаго шаарында көчмө дүкөн бизнесин алгачкылардан болуп ачып, Нarvestrolley компаниясын негиздеп отурат.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Мирлан Нурматов менен маектешип, анын ишкерлиги туурасында кеп курган.
— Биз да сиздин ийгилигиңизге абдан кубандык. Куттуктайм! АКШда алгачкылардан болуп өзгөчөлөнгөн бизнес ачыптырсыздар...
— Рахмат, азыр бизнести баштап, иштеп жатабыз. Нarvestrolley (азык-түлүк троллейбусу — ред.) көчмө дүкөн бизнеси чынында Чикагодо жаңылык болуп турат. Негизинен бул жакта деле бала-бакырасы менен үйдө отурган же кандайдыр бир дүкөнгө барууга мүмкүнчүлүгү жок үй-бүлөлөр бар. Буларга да биздин дүкөн ыңгайлуу. Негизинен пандемия көп балалуу үй-бүлөлөргө азык-түлүк алуу жагынан кыйынчылык жаратты. Балдардын баарын бет кап кийгизип дүкөнгө алып баруу өзүнчө бир түйшүк. Анткени Америкада супермаркетке баруу үчүн эки сааттан кем эмес убакыт кетет. Өзүмдүн төрт баламдан улам да мындай түйшүктүн даамын татып калгам. Муну менен катар жолдошу трак айдап иштеген, бала-чакалуу кыргыз келинчектер бар. Жолдошу узак убакытка сапарга чыгып кеткенде балдар менен дүкөнгө баруу аларга да чоң көйгөй жаратат. Мунун баарын көрүп-билип турдум.
— Эми өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз, Америкага качан, кантип баргансыз?
— Мен Ош облусунун Ноокат районунан болом. Мектепти бүтүргөндөн кийин эле университетте окуу үчүн 2000-жылы Түркияга келгем. Жогорку окуу жайын бүтүргөн соң түркология факультетинде аспирантураны, андан кийин докторантураны окуп бүтүрдүм. Аспирантураны аяктап жатканда диссертациялык ишим катары Кыргызстандагы Кадыралы Коңкобаев агайыбыз баш болгон агай-эжелерибиздин "Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү" китебин түрк тилине которгом. Докторантуралык ишимде дүйнөдө жоголуп бара жаткан тилдерди эске алып, кара калпактардын, ногой-татарлардын жана кыпчак тектүү тилдер катары кыргызча, казакчаны кошуп, атайын фразеологиялык сөздүк жазгам. Илимий эмгектеримдин негизи ушундай. Кийин Түркиядагы котормо жаатында мыкты иш алып барган жаштардын тобу менен биргеликте Сагынбай Орозбаковдун вариантындагы "Манас" эпосун которуп, КРдин Ардак грамотасы менен сыйлангам. Бул мен үчүн сыймык болду.
Өзүм үч уул, бир кыздын атасы болом. Келинчегим Бишкектеги Медакадемияны аяктаган соң, Түркияда ординатурадан окуп, ошол өлкөдө жети жыл врач болуп иштеди. Азыр Америкага келгени кайрадан АКШнын дипломун алууга аракеттенип, медициналык тармакта окуп, экзамендерин тапшырып жүргөн кези. Биз АКШга мындан төрт-беш жыл мурда көчүп келгенбиз. Негизинен окуп, иштеген жылдарымды кошкондо Түркияда жалпы 16 жыл жашаптырмын. Докторантурамды аяктаган соң, Анкарадагы Гази университетинде кыргыз, казак, түрк тилдеринен сабак берчүмүн. Убакыттын өтүшү менен түрк туугандардан алчумду алып, үйрөнө турган жакшы жактарын толук өздөштүргөн соң, мындан ары да өзүмдү өстүрүү үчүн сапарымды улашым керек экенин түшүндүм. Ошондон улам Америкага келдим.
— АКШга жаңы барганда да бир топ кыйынчылыктарга дуушар болсоңуз керек?
— Бардык нерсени нолдон баштадым. Англис тил курсуна бир жыл барып үйрөнгөн соң, мугалим болуп орношууну максат кылып бир канча университетке документтеримди тапшырдым. Менин кесибим түрколог. Америка менен Түркиянын мамилеси акыркы жылдарда абдан начарлап кеткендиктен көптөгөн түркология факультеттери, бөлүмдөр АКШда жабылып калыптыр. Ошол себептен жакшы жумуш табуу кыйынга турду. Бирок онлайн сабак берип иштеп турдум. Азыр эки студентим бар. Бири түрк тилин, экинчиси кыргыз тилин үйрөнүп жатат.
— Бизнесиңиз тууралуу түшүндүрө кетсеңиз?
— Кардарларыбыз алгач уюлдук телефонуна атайын тиркеме жүктөшөт. Ал аркылуу дүкөндөгү азыктарды телефонунан толук көрүп, буюртма таштап, дарегин кошо жазып коёт. Тапшырыкты алары менен биздин көчмө дүкөн (Нarvestrolley) жарым сааттын ичинде кардардын үйүнүн алдына барат. Кардарлар көчмө маркетке кирип, кааласа кошумча азыктарын ошол жерден да сатып ала алат. Администраторго чалып, телефон аркылуу да буюртма берсе болот. Бул үчүн автобустарды алып, анын ичин атайын жасап, азык-түлүктөрдү жайгаштырдык. Кардар болгону жеткирүү акысына 2 доллар 99 цент (252 сом — ред.) төлөйт. Мындан тышкары, азык кампабызды да ачканбыз. Каалоочулар ал жакка барып да соода кылып кетсе болот. Азыктарды дүңүнөн арзан ала алышат. Кыргыздар этсиз жашай албайт эмеспи. Ошондуктан бизде эттин түрү (баары адал — ред.) бар. Муну менен катар Америкада ар улуттун өкүлдөрү жашайт, алардын табитине жараша ар түрдүү компаниялар менен келишим түзүп, түрдүү азыктарды алдык, толуктап жатабыз. Азырынча он автобус-дүкөн иштеп жатат. Компанияларга жумушчуларды да алып жатабыз.
— АКШда мындай дүкөндү биринчилерден болуп сиз ачыптырсыз. Идеяны кайдан алдыңыз?
— Бул идея Кыргызстандан, менин бала чагымдан келген десем болот. Кичинебизде жайкы эс алууда Кара-Суу районунун Папан айылына караштуу жайлоолордо таенемдин колунда көп жүрчүбүз. Ошондо жайлоого атайын көчмө дүкөндөр, автолавкалар келер эле. Раматылык таенебиз ошол дүкөндөн өзүнө керектүү кездеме, жип-шуусун алып, биздин дагы көңүлүбүздү көтөрүп керектүү нерселерибизди сатып берип турчу. Балалык кездеги эң жакшы күндөрдүн бири эле, эсиме түшүп туруп алды. АКШда көчмө дүкөн ачуу идеясынын түпкү теги да таенем менен байланыштуу.
Мындан тышкары, АКШда төрт балам менен үй-бүлөмдү багуу үчүн дагы ишкерлик кылуу керектигин түшүндүм. Ошондон улам кесибим башка болсо дагы бизнес кылуунун жол-жобосун издештире баштадым. Жаштарга айтарым, адамга эң башкысы билим керек. Билимдин кадыры бийик. Билим — адамга алдыга коркпой умтулууга жол ачат. Андан тышкары, көп нерсеге анализ жасоого шарт түзүп, жашоодо көп жеңилдиктерди жаратат. Бул менен өзүңдүн кадыр-баркың да өсөт.
— Идеяны ишке ашыруу кыйын болгон жокпу?
— Бул бизнести ишке ашырууда кошумча билим алдым. Айрыкча азык-түлүк тармагында билишим керек болгон көп нерселер бар экен. Ушул тармактан атайын сертификаттарды алуу үчүн окудум. Ар бир азыктын сапатын аныктоодон баштап, кайсы температурада кармоо керектигине чейин үйрөндүм. Керек болсо кайсы азыктарды жакын, чогуу койбош керек экендиги тууралуу билүү абзел экен.
Бул бизнести ачууга алты ай даярдандым. Анткени пандемиядан улам мекемелердин иши солгундап, документтерди бүтүрүү иштери жайыраак болду. Алгач Техаста жашаган досума байланышып, экөөбүз бир катар иштерди жасадык. Анын Техаста кадимки эле дүкөндөрү бар. Идеямды экөөбүз талкуулап, долбоор жаздык. АКШдагы Bank of Amerika деген эң ири банкына барып, алардын башкы каржы адистери менен жолугушканыбызда "мындай бизнес Америкада жок. Эң сонун идея экен. Тезирээк ачкыла, болбосо башкаларга алдырып коёсуңар" дегенде ишти тездеттик. Ошону менен ал досум Техаска, мен Чикагого көчмө дүкөн — Нarvestrolley компаниясын негиздедик.
— Деги эле ал өлкөдө ишкерлик кылууга, ошол эле башка өлкөдөн барган жарандардын бизнес жасоосуна мамиле кандай? Оорчулугу эмнеде?
— Америкада бизнес ачууда эч кандай тоскоолдук болбойт. Компанияны ачып, ага керектүү документтердин баарын даярдап жана текшерүүдөн өткөн соң иштей берүү мүмкүнчүлүгү берилет. АКШда негизинен он миңге чукул кыргыз жараны жашаса, алардын үч-төрт миңге жакыны Чикагодо. Бул жакта кыргыздар үч кафе ачкан. Ал тамактануучу жайларда кыргыз тамактары жасалат. Өзүбүздүн кыргыздар менен кошо америкалыктар да келип, тамактарына ыраазы болуп, сүйүнүп кеткендерин көрөм. Арабызда кыргыздын алмасын, өрүгүн, балын алып келип АКШда сатып иштеген мекендешибиз бар. Ал жигит "Арашан" деген фирма ачып алган. Негизи кыргыздар жалкообуз деп өзүбүздү басмырлаганыбыз менен бул жакта жергиликтүү элге таасирленип, алдыга умтулуп жатышат. Тескерисинче, намыскөй, ишти бат өздөштүрө алат экенбиз. Мындан беш-алты жыл мурда такси айдап иштеген кыргыз балдар азыр эң ири IT компанияларда эмгектенүүдө. Айрым жигиттерибиз трак иштетүүчү компанияларды ачып, оор жүк ташуучу унааларды да сатып алышууда. Бул да болсо кыргыздардын өжөрлүгүнөн кабар берет. Мен да ушул жердештериме таасирленип, ишкерлик баштадым.
— Алдыда кандай пландарыңыз бар?
— Бизге келген кардарлар, ошол эле кыргыздар Кыргызстандан элибиздин нукура азыктарын алып келүүбүздү айтышууда. Ошол себептен, буюрса, чучук, курут, кымыз өңдүү азыктарды алып келүү жагын көздөп жатабыз.