Министр: былтыр ооругандар кайра вирус жуктуруп алууда, вакцина алгыла

16 апреля 2021 Министр: былтыр ооругандар кайра вирус жуктуруп алууда, вакцина алгыла

Былтыр коронавирус менен ооругандар быйыл кайра ооруну жуктура баштады. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын учурунда билдирди.

"Бардык облустарда ооругандардын саны жогорулап жатат, каза болгондор да көбөйүүдө. Былтыр жайында жуктургандар кайра ооруп жатат. Себеби иммунитет жок болуп баратат. Окумуштуулар антитело сегиз айдан бир жылга чейин жетерин айтышат. Ошондуктан вакцина алуу керек, жамааттык иммунитетти пайда кылышыбыз керек. Президент жана өкмөт башчы менен сүйлөшкөндө экономикалык абалга байланыштуу карантин киргизе албайбыз дешкен. Карыздарыбыз көп, кыйналып калат экенбиз", — деди министр.

Министр элди санитардык жана гигиеналык эрежени сактоого чакырды. Ошондой эле өлкөгө вакциналарды алып келүү боюнча иштер жүрүп жатканын айтты.


sputnik