Курманкул Зулушев Сыймык Жапыкеевдин отставкасын кабыл алды

29 апреля 2021 Курманкул Зулушев Сыймык Жапыкеевдин отставкасын кабыл алды

Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеевдин кызматтан кетүү боюнча жазган арызына башкы прокурор Курманкул Зулушев кол койду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

"Жапыкеевдин арызына көзөмөл органынын жетекчиси Курманкул Зулушев бүгүн кол койду", — деп айтылат билдирүүдө.

Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору кызматынан кетүү боюнча 28-апрель күнү арыз жазган. Бирок отставкага кетүү чечиминин себебин түшүндүргөн эмес.

Эске салсак, Сыймык Жапыкеев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматын жетектеп келген. Бирок премьер-министр Улукбек Марипов аталган кызматты жоюу тууралуу токтом чыгаргандан кийин ал ишсиз калган. Бирок кийин 30-мартта Ысык-Көлгө прокурор болуп дайындалган.


sputnik