Сөөгү өзүнүн өрттөлгөн үйүнөн табылды. Баткенде дагы бир жаран каза болду

3 мая 2021 Сөөгү өзүнүн өрттөлгөн үйүнөн табылды. Баткенде дагы бир жаран каза болду

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жаракат алган дагы бир кыргызстандык көз жумду. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

"Мага азыр эле жеткен маалыматка караганда, жаңжал учурунда жарадар болгон Максат айылынын тургуну көз жумду", — деди Солтонбекова.

Анын сөөгү Лейлек районуна караштуу Максат айылында өрттөнгөн үйлөрдүн ичинен табылган. 2-майда жергиликтүү тургундар маркумду 53 жаштагы Ражапбай Эгембердиев экенин билдиришкен.

"Коңшулары ал окуя болгон күнү үйүндө жалгыз болгондуктан качып чыга албай калганын билдиришти. Бир уулу Бишкекте иштейт, бир кызы турмушка чыккан, кичүү кызы лицейде окуп жаткан", — деди кабарчы.


sputnik