Мектеп, ресторан, застава. ӨКМ Баткенде канча имарат өрттөнгөнүн айтты

30 апреля 2021 Мектеп, ресторан, застава. ӨКМ Баткенде канча имарат өрттөнгөнүн айтты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам канча имарат өрттөнгөнү тууралуу билдирүү таратты.

Баткен облусунун Лейлек району боюнча өрттөнгөн турак үй, имараттар:

  • Кулунду айылында — эки турак үй;
  • Максат айылында — 10 турак үй. Жалпы 12 үй, социалдык объектилерден бир мектеп өрттөнгөн.

Баткен району боюнча өрттөнгөн жайлар:

  • 9 турак үй;
  • 10 май куюучу жай;
  • 2 ресторан;
  • 8 дүкөн;
  • 1 казино;
  • 1 чек ара заставасы.

Ак-Сай айылында ӨКМге караштуу өрт куткаруу бөлүгү өрттөнгөн.

Элди эвакуация кылууга ӨКМден 10дон ашык техника, 150дөн көп кызматкер тартылган. Мындан сырткары, райондук жарандык коргонуунун медицина кызматынан 13 тез жардам автоунаасы жана автотранспорт кызматынан 60 спринтер айдоочусу менен жөнөтүлгөн.

"Баткен облусунун Баткен районунан 900 адам Баткен шаарына, ал эми Лейлек районунан 300 адам коопсуз жайга, анын ичинен 200ү туугандарынын үйлөрүнө жайгаштырылган", — деп жазылат билдирүүдө.


sputnik