Улукбек Марипов Баткенде калыбына келтирүү иштери качан башталарын айтты

2 мая 2021 Улукбек Марипов Баткенде калыбына келтирүү иштери качан башталарын айтты

Материалдык чыгым эсептелип бүтөрү менен талкаланган мүлктөрдү калыбына келтирүү иштери башталат. Бир дагы жабырлануучу четте калбай, бардыгына көңүл бурулат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Баткен облусунун чек ара жаңжалы болгон аймактагы эли менен жолугушуп жатканда айтты.

Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, Марипов мектепте убактылуу баш калкалап турган 144 кишиден кабар алды.

“Мен силерди абдан жакшы түшүнөм, анткени өзүм ушул жерде жашагам. Мындай каргаша болбошу керек эле. Ондогон жараныбыздан ажырадык. Бул окуяга тарых өз баасын берет. Биз азыр алдыга карашыбыз керек. Болуп өткөн нерселер чек арабызды бекемдешибиз керектигин дагы бир жолу далилдеди. Тиешелүү ведомстволор чыгымды эсептеп жатышат. Ал такталгандан кийин калыбына келтирүү иштери башталат. Бир дагы жабырлануучу четте калбайт”, — деди премьер-министр.

Ошондой эле ал “кыйын күндө Мекенди коргогон баатырларды тарбиялаган” энелерге ыраазычылыгын билдирди.

Мындан тышкары, өкмөт башчы Баткен облустук бириктирилген ооруканда дарыланып жаткан жабырлануучулардын абалы менен таанышты.


sputnik