Жети адам жаракат алды. Чек арадагы чыр боюнча тажик тараптын позициясы

29 апреля 2021 Жети адам жаракат алды. Чек арадагы чыр боюнча тажик тараптын позициясы

Чек арадагы жаңжал учурунда Тажикстандын Исфара районунун Ходжаи Аъло айылынын жети тургуну жаракат алды. Бул туурасында Sputnik Тажикстан Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Чек ара кызматына таянуу менен жазды.

Коңшу өлкөнүн позициясы боюнча, жаңжал "Головной" суу бөлүштүрүүчү пунктунда кечээ, 28-апрелде, саат 16:00дө башталган. Баткен районунун акими Акылбек Оразов башында турган Кыргызстандын жарандары шыкактап, чек аралаш айылдагы тургундардын ортосунда жаңжал чыккан. Чыр-чатак учурунда жети жаранына таш тийип, ар кандай жаракат алганы айтылат.

"Суу жабдуулары кыргыз айылдарынан алыс жайгашканына карабай коңшу өлкөнүн бийлиги алыскы райондордон жарандарды алып келип, улуттар аралык кагылышууга себеп болууда", — деп билдирген Тажикстандын УКМКсы.

Ошондой эле бул суу бөлүштүрүүчү пункт 1924-1927 жана 1989-жылкы картага ылайык Тажикстанга тийиштүү болгону белгиленет.


sputnik