УКМК: чек арадагы атышуудан "Бөрү" отрядынын үч жоокери курман болду

30 апреля 2021 УКМК: чек арадагы атышуудан "Бөрү" отрядынын үч жоокери курман болду

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам Кыргызстандын атайын даярдыктагы "Бөрү" отрядынын үч аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, каза болгондордон сырткары 20 жоокер жаракат алган. Эки аскер кызматкеринин абалы оор деп бааланууда.

Ички курам маркумдардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

УКМК 29-апрелде Тажикстандын аскер кызматкерлери Кыргызстандын чек ара заставаларын жана чек ара постторун көздөй ок чыгарганын белгиледи. Мындан сырткары, тажик тарап "Ми-24" үлгүсүндөгү тик учактар менен Баткен районундагы Төрт-Көчө, Чыр-Дөбө айылдарын аткылаганын эскертти.

Ал эми жаңжалдан аскер кызматкерлерин кошкондо жалпы жонунан 13 адам каза болгон.


sputnik